Ысык-Көлдөгү "Париж" пансионатында коттедж толугу менен күйүп кетти

ӨКМдин Өрткө каршы-куткаруу кызматы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан "Париж" пансионатындагы 300 чарчы метр аянттагы котеджде чыккан өрттү өчүрүштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, алоолонгон өрт бүтүндөй имаратты каптап, толук күйүп кеткен. Жеринде эки бөлүм иш алып барып, өрт 6-февралда кечки саат 18:27де толугу менен өчүрүшкөн.

Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес, учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.

КР ӨКМдин адистери сиздерди өрт коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД