2022-жылдын 7-февралына карата Кыргызстанда COVID-19 илдети 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 63,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 6,
Талас облусунда – 1,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 9,
Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 380 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 819 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 161 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 519 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 89 киши айыгып чыкса, 2 миң 905 адам каза болду.