Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 6334 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-январынан тартып, 3-февралга чейин, Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 6334 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -96 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -11;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу 62;
-Техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу-156;
-Авто унааны техникалык бузуулары менен башкаруу -9;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 215;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 5785;
516 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.