Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси сабалган 2 жаштагы баладан кабар алды

2022-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулуктагы жалпы дарыгерлик практика клиникасына барып, зомбулукка кабылып, дене бою көгала болгон, 2020-жылы туулган К.Е. абалынан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баланын атасы 1997-жылы туулган К.Н (Өзбекстан Республикасынын жараны, Кыргызстанда 2013-жылдан бери жашайт) менен сүйлөшүүдөн белгилүү болгондой, Шопоков шаарынын тургуну, жумуш берүүчү 34 жаштагы С.А. К.Н баласын дайыма уруп-согуп келген, ал гана эмес К.Н-ди да бир нече жолу сабаган, ал тургай пневматикалык куралдан К.Н. бутуна атканын айтып берди. Мындай мазактоолордун себебин ал өзүнүн жумуш берүүчүгө карыз болуп калганы менен түшүндүрөт, карыздын айынан К.Н. үй-бүлөсү жумуш берүүчү С.А.-да кулчулукта калган.

Жабыркаган баланын атасы Акыйкатчы аппаратына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылды. Арыздан белгилүү болгондой, жумуш берүүчү С.А. колунда аеосуз мамилеге дуушар болгон башка да адамдар, алардын ичинде жашы жетпеген өспүрүм да бар.

Зомбулуктан жабыркаган баланын абалы менен тыкыр таанышып жана анын атасынын айткандарын кунт коюп угуп, КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси маалымдагандай, бул зомбулук фактысы Жазыктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 138-беренесинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча катталган, азыркы учурда тергөө жүрүп жатат. Акыйкатчы институтунун мандатына ылайык, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпейт, ал эми башка аныкталган көйгөйлөр боюнча, атап айтканда, анын эки баласын документтештирүүдө (туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга) жана баланын атасынын өзүнүн документтерин калыбына келтирүүдө укуктук жардам көрсөтүшөт.

Ошондой эле, Аскат Азарбеков жабыркаган баланын апасы 21 жаштагы А.Ч. менен да сүйлөштү. Баланын апасы өз адвокаты менен келип, бала менен ооруканада калгысы келген. Баланын энеси өз уулуна жумуш берүүчү С.А. тарабынан зомбулук болгонун моюнга албайт, ал балдарын дем алыш күнгө балдарынын тасына калтырганын маалымдады. Жаран А.Ч. өз үй-бүлөсү, жолдошу менен жашабайт, учурда жумуш берүүчү С.А. менен жашайт. Мындан тышкары, К.Н. менен А.Ч. 4 жаштагы кызы да бар.

Бул иш Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн көзөмөлүнө алынды


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД