Өткөн жылы жарандардын кайрылуулары боюнча 60 салык кызматкери жазаланган

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча 60 кызматкерди жазалаган. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы жалпысынан Мамлекеттик салык кызматына 220 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен электрондук почта аркылуу – 162, "ишеним телефонуна" жана "шыр байланышка" – 22.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 12 арызда ишкердик субъекттер салык мыйзамдарын сактабагандыгы жөнүндө маалыматтар камтылган, 77 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине, 131 – башка ар кандай маселелерге тиешелүү болгон.

Бардык кайрылуулар КР мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 38 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 33 – тастыкталды, 6 – жарым-жартылай тастыкталды.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 60 кызматкер жазаланды, анын ичинде 2 кызматкер кызматынан төмөндөтүлдү, 32си катуу сөгүш, 15и – сөгүш, 5 – эскертүү алды, 1 – ээлеген кызматына толук ылайык келбегендиги жөнүндө жарыяланды жана 5 кызматкер ротацияланды. Ал эми 2 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 12 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 2 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды, 5 – кайрылуу боюнча жарым-жартылай, 6 – тастыкталган жок жана 1 арыз эске алынды.

Салык кызматынын системасында жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында жана ыкчам кароо максатында (0312)61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", (0779) 61-31-89 (Whatsapp) "шыр байланыш" номери, info@sti.gov.kg электрондук дареги, ошодой эле коомдук кабылдама иштейт. Кайрылуулар жазуу жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кабыл алынат.

Келип түшкөн даттанууларды же кайрылууларды Мамлекеттик салык кызматы контролдойт жана жыйынтыгы боюнча кызматтык иликтөөлөрдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун же зарыл чараларды көрүү үчүн контролдук сатып алууларды жүргүзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД