Чүйдө үйүнө кирип 84 жаштагы кемпирди тоногон деп эки жигит кармалды

Аламүдүн районунда эки эркек киши 84 жаштагы пенсионерди тоноп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январда "102" кызматына Лебединовка айылындагы үйлөрдүн бири тонолгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ошол эле күнү саат 15:30дар чамасында эки белгисиз адам беткапчан 84 жаштагы Р.Л. аттуу пенсионердин үйүнө кирип, коркутуу жолу менен сейфтен 150 миң сомдон ашык каражатты тоноп кетишкен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине "Тоноо" беренеси менен катталган.

Окуяга шектүү катары 30 жаштагы М.Б. жана 28 жаштагы А.А. аттуу эркек кишилер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аларга карата үй камагына чыгаруу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД