Бычак такап, балка менен сабап акча талап кылган деп УКТ мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБисине Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 17-январында Сузак районунда жайгашкан устаканасына "Баха" аттуу жаран келип, колундагы бычагы менен мойнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп "100 миң сом акчаны коюп кой" деп коркуткандыгын билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад облустук милициясынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелген жаран кармалган. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районундагы өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери (положенец), "Пахир Калла" каймана аттуу Б.Б., болуп чыккан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 2022-жылдын 5-февралында шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД