Акылбек Жапаров депутаттар менен жолугушту. Эмне сөз болду?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашуу жүрдү.

Иш-чаранын катышуучулары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну макулдашышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД