Бишкек шаарында 1-класстын окуучуларын 1 жумага каникулга чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуучулардын каникулу 14-февралдан баштап, 19-февралган чейин созулат. Борбор калаадагы 1-класстын окуучуларын жыл сайын бир жумага кошумча каникулга чыгышат.
Белгилей кетсек, 1-класстын окуучуларына 3-чейректе бир жумалык кошумча эс алуу салттуу түрдө берилет. Адатта, алардын мөөнөтү жергиликтүү билим берүү органдары тарабынан белгиленет.
Бардык мектеп окуучулары үчүн жазгы каникул 2022-жылдын 21-30-мартына белгиленген. Сабактар 31-март күнү башталат.