Үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө мыйзам бузууларды байкадыңызбы? Кайрылыңыз

7-февралда шайлоо өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 26-февралга чейин созулат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Боршайком талапкерлерге үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акысыз берилген телеканалдарды, басылмаларды кайсы максатта колдонууга болбой турганын эскертти:

- талапкерге каршы добуш берүүгө чакырыктарды жайылтуу;

- тигил же бул талапкер шайланса, мүмкүн болуучу терс кесепеттер жөнүндө баяндоо;

- ар кандай талапкер (кандайдыр бир талапкер) тууралуу терс пикирлер менен айкалыштырылган ачык басымдуулук кылган маалыматтарды жайылтуу;

- катталган талапкерди көрсөткөн талапкерге шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгө көмөктөшүүчү маалыматтарды таратуу.

Эгерде шайлоочулар шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө мыйзам бузууларды байкаса, Тез чара көрүү координациялык тобуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:

WhatsApp: 0990 02-12-55; 0502 00-12-55

Кыска номер: 1255

Ишеним телефону: 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама: 0312 66-02-40

Kgor_cec@shailoo.gov.kg электрондук дареги.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД