Бишкекте жылуулук өткөрүүчү түтүктөн адамдын сөөгү табылды

Бишкекте жылуулук өткөрүүчү түтүктөн адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Свердлов районундагы А.Үсөнбаев жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук өткөрүүчү түтүгүндө (теплотрасса) белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 30-35 жаштагы славян улутундагы эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД