Ала-Букада кен иштеткен компаниялар элге жеңилдетилген насыя берет

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун аймагындагы кен иштеткен компаниялар тарабынан тургундарга 50 миң сомдон, 700 миң сомго чейинки жеңилдетилген насыя бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин "Жер казынасын пайдаланууда бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндөгү" токтомунун негизинде район аймагында тургундарды каржылык колдоо мүмкүнчүлүгү жаралган.

Берилүүчү насыянын жалпы суммасы 70 миллион сомдон ашуун. Ал "Айыл Банк" аркылуу бөлүштүрүлүп, бардык категориялар үчүн жеңилдетилген мезгил 6 ай эсебинде аныкталган. Насыянын кайтаруу мөөнөтү жалпы үч жылды түзөт. Ал эми 700 миң сомдон жогорку суммада насыя алуучулар долбоордо камтылган шарттарынын негизинде каржыланат.

Бул демилгенин негизги максаты, асыл тукум мал чарбачылыгын жолго коюу жана сүт өндүрүмдүүлүгүн жөгөрулатууга багытталат. Ушул жылы райондо күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирет.

Ала-Бука районунда 2 ири кен иштеткен компания бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД