Жумгалда "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

Жумгалда "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору Жумгал районунун Чаек айылынын О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин окуучуларына "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" аталыштагы иш-чара өткөрүлүп, анда зордук-зомбулук жана рэкетчилик боюнча видео ролик көргөзүлдү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө сүрөт көргөзмө уюштурулуп, ар бир тартылган сүрөттөр боюнча түшүндүрмө берилип, жыйынтыгында эң мыкты деп табылган сүрөт ээлерине Жумгал РИИБү тарабынан Ардак грамота жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле мектеп окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү рэкетчилик алардын тийгизген таасирлери тууралуу маалыматтар айтылып, атайын лекция өтүлүп окуучулар арасында көйгөйлүү маселелер талкууга алынып ачык айкын сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мектеп жамаатына зордук-зомбулук боюнча окуу китептери берилди.

Мындан тышкары район аймагында орто мектептеринде профилактикалык түшүндүрүү иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД