Бишкектин борборунда жарнак такталарды талкалаган деп эки жигит кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери аялдамадагы жарнак тактасын талкалап, атайын мүлккө зыян келтиргенге шектүү жарандарды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-февралда 03:30 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадагы жарнама сүрөттөрүн талкалап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда белгисиз эки жаран аялдамадагы айнектен болгон жарнактарды талкалап жаткандыгын көрүшкөн.

Чакыруу менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзуп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган И.М. жана 1993-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандарды аныктап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД