Бишкекте турак үйдүн жанындагы кудуктан 28 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, маркумдун аты-жөнү аныкталды.
Маалым болгондой, Бишкектин Абай көчөсүндөгү турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды.
"Маркум 1994-жылы туулган Ө.Б. аттуу эркек киши экени аныкталды. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жансыз дене укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлдү", - дешти маалымат кызматынан.