
Өткөн жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн. Андагы шайлоодо Бишкектин эки районундагы шайлоо округунан "Баарына каршы" талапкери жеңип, жыйынтыгында № 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоо дайындалган. БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 53 талапкерди каттады. Арасында экс-депутаттар, белгилүү коомдук ишмерлер, спортчулар да бар. Талапкерлердин саны өтө көп болгондуктан, атаандаштык да аябай күчтүү болоору күтүлүүдө.
7-февралда бул эки округ боюнча үгүт өнөктүгү да башталып, көпчүлүк кимиси жеңип чыгат же кайра эле "Баарына каршы" утуп кетеби деп кызыгып турушат.
VB.KG редакциясы окурмандарынын арасында "Кайсы талапкерге добуш бересиз?" деген суроо менен онлайн сурамжылоо жүргүзүп, депутаттыкка талапкерлердин рейтингин текшерип көрүүнү чечти. Келиңиз, Сиз да өзүңүз жактырган талапкерге добуш берип, сурамжылоого катышып көрүңүз.
Кайсы талапкерге добуш бересиз?