
Бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өтүп, анын катышуучулары – Илимбек Исраилов, Нурбек Тойгонбаев, Жыргал Сагындыков жана Венера Касымова Kaktus.media интернет-басылмасы тууралуу маселени көтөрүп чыгышты.
Алардын айтымында, аталган интернет-басылманын үстүнөн козголгон кылмыш иши аягына чыгышы керек. Ошондой эле, чет мамлекеттерден каржыланган маалымат каражаттарына, журналисттерге "чет өлкөлүк агент" деген статус берилиши керек.
Маалымат жыйындын катышуучуларынын бири Нурбек Тойгонбаевдин айтымында, чет өлкөлөр каржылаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө алар каршы эмес, бирок, алар чагылдырган маалыматтар акыйкат, ар тараптуу чагылдырылышы керек.
"Кайсы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат, кай жактан акча алып жатышат? Эл алдында отчет беришсин", - дейт ал.
Ошондой эле, маалымат жыйындын катышуучулары кандайдыр бир саясий күчтөр же партиялар менен байланышы жоктугун билдиришти.