
Токмокто бир нече көңүл ачуучу жай аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-февраль күнү буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырынын натыйжасында Токмок шаарындагы бир нече сауна көңүл ачуу жайга айландырылганы аныкталган.
Сауналардын бирине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда кара баштыктын ичинен пневматикалык тапанча жана электрошокер алынган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө сауналардан 13 кыз: 26 жаштагы А.А., 31 жаштагы К.А., 39 жаштагы З.М., 30 жаштагы К.З., 27 жаштагы А.Н. жана Ш.А., 36 жаштагы К.А., 35 жаштагы К.А. жана С.Ч, 34 жаштагы И.А., 24 жаштагы Б.А., 34 жаштагы Т.А., 33 жаштагы С.Н. аныкталган.
Алар каттоого алуу жана жана тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Токмок шаарынын ИИБине жеткирилген.
Алардан сырткары, 1970-жылы туулган Л.Н. жана 1956-жылы туулган Х.З. аттуу аялдар көңүл ачуучу жайды уюштурууга шектелип ички иштер органдарынын имаратына жеткирилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.