Бишкек клиникалык тез жардам ооруканасына дагы башка жетекчи дайындалды

Башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын жетектейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү документтер кайра таризделгенге чейин директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалган. Бирок Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп иштей турганына байланыштуу директорлук кызмат жоюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД