
Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп Мирлан Ураимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык") каралган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле иш боюнча алынган далилдердин негизинде 2022-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын жараны "У.М." кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кечээ, 8-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.