
Оор кылмыш боюнча издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу Россия Федерациясынан экстрадицияланды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы атайлап саламаттыкка анча оор эмес залал келтирүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренелеринин негизинде издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу Россия Федерациясынан аймагынан кармалып, өз
мекенине экстрадицияланды.
Аламүдүн районунун ИИБүндө 1993-жылы туулган К.М. аттуу жаранга карата Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) жана 28-97-беренелери (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча издөө жарыяланып, ал тергөө жана сот органдарынан качып жүргөн.
2014-жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында бир топ балдар 1990-жылы туулган жана 1989-жылы туулган жарандарды катуу сабашкан. Жабырлануучулардын бири денесине оор жаракат алып, өмүрүнө коркунуч келтиргени аныкталган.
Буга чейин аталган кылмышка шектелип алты жаран кармалып, аларга айыбы угузулуп, иш сот органдарына жөнөтүгөн. Алардын ичинен эки жаран из жашырып жүрүп, кийин башка өлкөдөн кармалып келген.
Дагы бир шектүү жогорудагы 1993-жылы туулган К.М. жети жылдан ашык из жашырып жүргөн. 2021-жылдын жай айында издөөдө жүргөн К.М. Россия Федерациясынын Якутия Республикасындагы шаарлардын биринен кармалган.
2022-жылдын февраль айынын башында ал өлкөгө экстрадицияланып, учурда тергөө абагына камакка алынган.