Таласта милиция ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Таласта милиция ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБнин начальнигин орун басары милициянын полковниги Кушбеков Шүкүрбек Талас шаарынын №5 орто мектебинин окуучуларынын ата энелери менен жолугушту. Талас ШИИБнин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Алымкулов Ороз балдар менен иштөө инспекциясы менен бирдикте ата энелерди чогултуп, жолгушуу уюштурду. Ага Талас шаарыны вице мэри Сейдикеримова Мира, мектеп жетекчилери, мугалимдер жана ата энелер катышышты. Адегенде, чогулуштун катышуучуларына өлкө аймагында болуп жаткан криминалдык окуялар тууралуу маалымат берилди.

Балдар тарабынан жасалган кылмыштар жана аларга карата болгон кылмыштуу аракеттер жөнүндө айтылды. Ата энелерге балдарына сак болуп, алардын уюлдук телефон колдонуулары көзөмөлдө болуу керектиги эскертилди.

Кушбеков Шүкүрбек: "Балдар аң сезими толук жетиле элек болгондуктан, абдан ишенчээк келип, интернет аркылуу ар кандай алдамчылардын жана зөөкүрлөрдүн колуна түшүп калышы мүмкүн. Азыркы заманбап турмушта биз атайын интернеттеги тиркемелер аркылу балдардын кайсы сайттарга кирип жаткандыгын жана бала кайда жүргөндүгүн биле алабыз. Колдон келген ыкмалар менен жана жөнөкөй жакшы ишеничтүү мамиле түзүү менен биз балдарды кылмыш кырсыктардан сактап калсак болот. Ата энелер балдардын жүрүм турумуна кайдыгер мамиле жасабаш керек. Мугалим балдарга билим гана бергенге милдеттүү,ал эми тарбия берүү ар бир ата эненин милдети экенин унутпайлы. Балдар мугалимге сый мамиле жасашы керек "-деди.

Мындай иш чара ар бир мектепте уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД