
Коронавируска ПЧР-тест тапшырууга кантип даярдануу керек? Буга жоопту COVID-19га каршы республикалык штабдан даярдаган.
Изилдөө үчүн мазок тамак бездеринен, таңдай жана кулкундан алынат. Үлгү мурун көңдөйүнөн алынганда зонд жетишерлик тереңдикте киргизилет.
ПЧР-тесттин жыйынтыгынын тактыгы мазок алуу эрежелерин сактоодон көз каранды.
Кулкундан мазок алардын алдында кеминде 3 сааттай:
тамактанууга
суюктук ичүүгө
тишти тазалоого
оозду/тамакты чайкоого
ооз көңдөйү үчүн сергитүүчү спрей колдонууга
сагыз чайноого
чылым чегүүгө болбойт.
Мурун көңдөйүнөн мазок алганга чейин кеминде 3 сааттай:
мурунду жууганга
мурун үчүн спрейлерди, тамчыларды, майларды колдонууга болбойт.
Мазок алууга 2 күн калганда алкоголдук ичимдиктерди ичпей туруу сунушталат.