COVID-19: Акыркы суткада 107 кишиден аныкталып, 4 бейтап көз жумду

10-февралга карата Кыргызстанда коронавирус 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

Бишкек шаарында – 44,

Ош шаарында – 1,

Чүй облусунда – 43,

Ош облусунда – 1,

Нарын облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 12,

Жалал-Абад облусунда – 2,

Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 297 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 738 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 821 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 958 киши айыгып чыкса, 2 миң 917 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД