Таласта "Арсенал" рейдинин жүрүшүндө 25 даана ок атуучу курал алынды

Талас облусунун аймагында ок атуучу курал менен, кылмыштар, кырсыктарды болтурбоо максатында Талас ОИИБи тарабынан 2022-жылдын 7-8-февраль күндөрү "Арсенал" рейди уюштурулду. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматкери Динара Сарногоева билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, облус аймагында жарандар арасында милиция тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлду. Аталган иштердин жүрүшүндө жарандардан жалпысынан 25 даана ок атуучу курал алынды.

Алардын дээрлик көп бөлүгү Талас РИИБнин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде алынды. Тактап айтканда, милиция кызматкерлери Талас районунун жашоочулары менен мыкты иш алып барышып, 12 сайсыз жана 2 сайлуу ок атуучу куралдарды жергиликтүү жашоочулар өз ыктыярлары менен тапшырышкан.

Талас шаарынан эч кандай тиешелүү уруксат кагаздары жок ок атуучу 1 сайсыз мылтык өз ыктыяры менен тапшырылган.

Мындан тышкары милициянын участкалык инспекторлору тарабынан тейлеген административдик аймактарында 480 ок атуучу куралдары бар жарандардын турак жайларындагы ок атуучу куралдардын сактоо эрежелери текшерилип, натыйжада жалпы 30 административдик протокол ар кандай эреже бузуулар үчүн түзүлгөн. Анын ичинен, ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрдик куралын сатып алуу сактоо берүү же сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 1 административдик протокол түзүлүп, ошондой эле ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 29 административдик протокол түзүзүлүп, анын негизинде жарандардан убактылуу мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн 12 даана ок атуучу куралдар ички иштер органдарына алынган. Жалпы түзүлгөн жарандарга түзүлгөн административдик протокол боюнча 90000 миң сом айып салынган.

Рейд жүрүшүндө ар бир ок атуучу куралы бар ээлер менен ок атуучу курал менен алып жүрүүдө жана колдонууда коопсуздукту сактоо, алып жүрүүнүн жана сактоо эрежелерин бузбоо боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жалпысынан 380 милдеттемеге кол тамгасын койдуруп тапшырган.

Мындан тышкары рейддин жүрүшүндө 2 дайынсыз жоголуп кеткен адамдардын жүргөн жери аныкталып табылган, 3 мурда болгон кылмыштын бети ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД