
"Арсенал" операциясынын жүрүшүндө Ак-Талаадан 2 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өткөрүлүп жаткан "Арсенал" аталыштагы иш-чарасынын жүрүшүндө 2022-жылдын 7-февраль күнү Ак-Талаа районунун аймагынан жергиликтүү тургундар 1965-жылы туулган Э.А. менен 1955-жылы туулган М.К. жанына документтери жок мыйзамсыз сакталып жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдарын алып жүргөн кармалышкан.
Бул факт Ак-Талаа РИИБү тарабынан каттоого алынып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.