Бишкекте милиция кызматкерин сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаада милиция кызматкерин унаасы менен сүзүп кеткен айдоочуну кармашты.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 9-февралда саат 11:00дөр чамасында айдоочу "Тойота Витц" унаасында Ч.Айтматов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Жол кырсыгынан жабыркаган кайгуул кызматкери ооруканага жеткирилген.

Окуяга шектүү катары 31 жаштагы Н.Э.А. аттуу айдоочу кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД