Ысык-Көл облусунун тургунунун үйүнөн 8,2 кг баӊгизат жана курал табылды

Ысык-Көл облусунун тургунунун үйүнөн 8,2 кг баӊгизат жана курал табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү Ак-Суу районундагы Отуз-уулу айылынын тургуну 1971-жылы туулган О.М. аттуу жаранды аныкташкан. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда идишке салынган өсүмдүк, ошондой эле 12-калибрдеги мылтык жана 20 даана ок да табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган өсүмдүк, кургатылган марихуана баӊги затына кирери жана жалпы салмагы таза 8 кг 200 грамм экендиги аныкталды. Ал эми алынган курал ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болду. Бул боюнча, соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.

Аталган факт, учурда Ысык-Көл ОИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө кызматы тарабынан, шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешестиги бар, же жогу текшерилүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД