Чүйдө ишканадан бир тоннадай металлды уурдап кеткендер кармалды

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кайыңды шаарында жайгашкан жеке ишканалардын биринин өкүлү милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 7-февралында ишкананын аймагынан белгисиз бирөөлөр бир тоннадай металлды уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Панфилов РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 34 жаштагы М.М., жана 23 жаштагы Ю.В., аттуулар кармалып, убактылуу кармаоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда териштирүү иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД