Дастан Бекешев ботаникалык бактар үчүн атайын фонд түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Надира Нарматова Баткен облусундагы Төрт-Күл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылы 1959-жылы Кожешкен айылынан көчүрүлүп келгенин белгилеп: "Бирок ошол айылда азыр 843 кожолу жашаганына карабай, суу маселеси чечилбей келет. Андыктан аталган көйгөйдү чечип, жергиликтүү элге реалдуу жардам көрсөтүшүбүз керек", – деди.

Ал эми депутат Дастан Бекешев өлкөдөгү ботаникалык бактардын абалы тууралуу сөз кылып: "Алар эч каралбай калды. Бактар куурап, жаңылары эгилген жок. Андыктан ботаникалык бактар үчүн атайын фонд түзүп, сактап калуубуз керек" – деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД