Нарында окуучулар арасында жол кыймыл эрежелерин сактоо боюнча сынак өттү

Жол кыймылынын эрежелерин туура сактоону үйрөткөн сынак өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февраль күнү Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы жалпы орто билим берүүчү №7 мектебинде Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков жана орун басарларынын катышуусу менен милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган сынак өткөрүлдү.

Иш-чарада өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин алдын алуу максатында жана окуучулардын бош убактыларын туура, пайдалуу нерсе менен өткөрүүгө, жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоого багытталган атайын конкурс уюштурулуп, анда жогорку класста окуган класстар арасында жолдо жүрүүнүн эрежелерин чагылдырган дубал газеталар жана макеттер даярдалып, алардын жасалгалары, кагаз бетине түшүрүлгөн сүрөттөр боюнча мектеп окуучулары түшүндүрмө берип өтүштү.

Ошондой эле, милиция кызматкерлеринин катышуусу менен жол коопсуздугу, жол кыймылынын эрежелери тууралуу ачык сабактар өткөрүлүп, "Биз мектеп рекетине каршыбыз" аталыштагы чакан сценка көргөзүлүп, жолдо жүрүүнүн жаш инспекторлору тарабынан жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоо боюнча атайын даярдыктары тартууланып, иш-чара концерттик программа менен улантылды.

Жыйынтыгында аталган иш-чарага активдүү катышкан мектеп окуучуларына жана дубал газета, макеттер боюнча мыкты сүрөттөргө, окуучулардын чыгармачылыктарын эске алуу менен атайын орундар берилип, сыйлыктар, чакан белектер тапшырылды.

Иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө көмөк көрсөтүп, милиция кызматкерлери менен биргеликте иш алып баргандыгы үчүн мектептин айрым мугалимдерине да сыйлыктар ыйгарылды.

Соңунда мектеп жамааты ушундай иш-чараны өткөрүп, мектеп менен тыгыз иш алып барып, окуучулардын сабактарына катышып, ар тараптан колдоо көрсөткөн Нарын ОИИБнин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД