
Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-февралдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамаларын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү маселесин карады.
Талкуунун жүрүшүндө 73 эл өкүлү макул, бирөө каршы добуш берип, Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин карай турган атайын комиссия түзүлдү.
Депутаттар Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов мүчөлүк кылган атайын депутаттык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.