Талас шаардык милициясынын жетекчиси жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Бүгүн 10-февраль күнү Талас ШИИБнин жетекчиси Тантиев Асрол Талас шаарынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу Талас шаардык №2 мектеп гимназиясында өттү. Ага шаар тургундары жана мектеп окуучуларынын ата-энелери, ата-энелер комитети, билим берүү мекемесинен өкүлдөр катышышты.

Чогулушта милициянын участкалык инспектору шаардагы кылмыштуулук боюнча отчет берип, балдар арасындагы тартип маселеси боюнча кеңири маалымат берди.

Учурда интернет тармактарында балдарга терс таасирин тийгизип жаткан ар кандай зыяндуу оюндар талкуу болду. ШИИБнин начальниги Тантиев Асрол ата-энелерге балдардын уюлдук телефондорун көзөмөлгө алып, мектептен тышкары убактыларын жана көңүл буруусун өтүндү. Мектеп мугалимдерине тийиштүү деңгээлде сыйлуу мамиле жасап, балдарды тартипке келтирүү керектиги боюнча түшүндүрдү.

Чогулушта жарандар тарабынан ар кандай социалдык жана тарбиялык көйгөйлөр айтылып, көңүлгө ала турган учурлар белгиленип, иш чаралар талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД