Ош шаардык санэпидкөзөмөл борборунун жетекчиси кармалды

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан калктын саламаттыгын сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан талдоолордун алкагында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана саламаттык сактоо тармагындагы башка ведомстволордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруусун жана коррупциялык көрүнүштөрү аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында контролдук-көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылган эмес.

Ошол эле учурда 9-февралда Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары О.С.М. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД