Сот Мирлан Ураимовду 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды

Кечээ, 10-февралда Биринчи Май райондук сотунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы каралып, сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Эске салсак, Мирлан Ураимов бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган деп шектелип 8-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камалган болчу.

Ал "социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан" деп айыпталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД