
Жогорку Кеңеш кечээ, 10-февралдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамаларын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү маселесин карады.
Талкуунун жүрүшүндө 73 эл өкүлү макул, бирөө каршы добуш берип, Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин карай турган атайын комиссия түзүлдү.
Комиссиянын курамы:
– "Ата Журт – Кыргызстан" фракциясынан Айбек Осмонов;
– "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Исхак Масалиев;
– "Ынтымак" фракциясынан Мурадил Сыдыков;
– "Ишеним" фракциясынан Бахридин Шабазов;
– "Ыйман Нуру" фракциясынан Динара Ашимова;
– "Народная" депутаттар тобунан Аманкан Кенжебаев;
– "Альянс" фракциясынан Азамат Исраилов.