Нарын милициясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын үйүнө көмүр түшүрүп беришти

Нарын облустук милициясы мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга жардам беришти. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарынын тургуну 1-топтогу майып 1995-жылы туулган Б.Ага жардам катары 1 тоннага жакын көмүрдү үйүнө алып барып тапшырып берди.

Жогорудагы жаран Б.Ага көп жылдардан бери өздүк курам ар тараптуу колдоолорду жана жардамдарды берип келишет.

Өз кезегинде Алмазбек Жумабеков ага ден соолук каалап, кыштан аман-эсен жылуу чыгып, кандай гана жардам болбосун даяр экендигин баса белгилеп өттү.

Жогорудагы жарандын апасы милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.

Белгилей кетсек бул жаран мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан чыгармачылыка аралашып, талантын тартуулап ырдап көптөгөн иш-чараларга катышып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп,алдыңкы орундарды камсыз кылып келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД