
Кыргызстанда 11-февралга карата COVID-19 илдети 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
Бишкек шаарында – 31,
Чүй облусунда – 16,
Талас облусунда – 3,
Ысык-Көл облусунда – 10,
Жалал-Абад облусунда – 5,
Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 274 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 585 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 597 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 890 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 232 киши айыгып чыкса, 2 миң 920 адам каза болду.