"Кумтөр" иши боюнча кармалган Тайырбек Сарпашев айып пул төлөйт

"Кумтөр" иши боюнча кармалган мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев айып пулга жыгылды.

Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө ылайык, Тайырбек Сарпашев коррупция беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага карата мамлекеттин пайдасына 260 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди.

Эске салсак, Сарпашев Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлеп туруп, "Центерранын" кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган. Мындан тышкары, Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр Голд Компони" ишканасына мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, "Кумтөр" кенинде жайгашкан, "Лысый" жана "Давыдов" мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген деп айыпталып жаткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД