Таласта жездесинин бээсин уурдаган деп кайнилери кармалды

Таласта милиция жездесинин жылкысын уурдап союп сатып жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматкери Динара Сарногоева билдирди.

Анын билдиргенине караганда, 2022-жылдын 4-февралында Талас РИИБине Талас районунун Жон-Арык айылынын 1975-ж.т. С.А. арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 3-февраль күнү саат болжолу менен 21:30 чамасында жолдошу экөө кошунанын үйүнө барып келгиче, үйдө байланып турган төрт баш бээнин бирөөсү белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткен деп билдирген.

Аталган факты РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш жаза Кодексинин 205 (уурулук) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Талас ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде аталган кылмыштын бети ачылган.

Кылмышка шектүүлөр Талас шаарында чогуу бир үйдө жашаган 1987-ж.т. А.Э жана 1986-ж.т. С.А. достор экендиги аныкталган.

Андан тышкары, уурдалган жылкынын ээси шектүүнүн биринин жакын тууганы (жездеси) экендиги такталган. Иликтөө учурда шектүүлөр уурдалган малды мал союп сатуучу жайга алып барып, сатып жаткан жеринен милиция кызматкерлери колго түшүрүшкөн.

Учурда алар тергөө бөлүмүндө суракка алынып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД