Жумгалда 2 мылтыкты жарандар өз ыктыяры менен тапшырышты

Жумгал районунда 2 ок атуучу куралды жарандар өз ыктыяры менен тапшырышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында "Арсенал" аталыштагы рейддик иш-чара өткөн. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жер-жерлерде жергиликтүү тургундарга ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элдин суроо талабына жооп беришүүдө.

Бул иш-чаранын негизинде жарандар өздөрүндө сакталган ок атуучу куралдарды жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнө өз ыктыярларлары менен тапшырып жатышат.

Бул ирет Жумгал районунун аймагында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чарада Жумгал районунун тургундары 2002-жылы туулган Ш.Бга тиешелүү болгон 20-калибрлүү сайсыз ок атуучу куралы жана 1958-жылы туулган Б.Д. аттуу жарандан 28-калибрлүү сайсыз ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД