Жогорку соттун төрагасынын жаңы орун басарлары дайындалды

Бүгүн, 11-февралда Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган орун басарларды Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жалпы жамаатына тааныштырды.

Ошентип КР президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жогорку соттун судьялары Давлетов Айбек Абубакирович, Мусаев Нурлан Алишерович жана Бакирова Нургүл Жакыповна 5 жылдык мөөнөткө КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты.

Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык, Качыке Эсенканов КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Буга чейин орун басар болуп иштеп келишкен Качыке Эсенканов, Асанова Нургүл Молдобековна жана Токбаева Айнаш Абдымановна Жогорку соттун судьялары катарында ишин улантышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД