Жарандык активисттер аялдар абагына китептерди белек кылышты

Бүгүн, 11-февралда, Степное айылындагы N2 түзөтүү мекемесинде "Бир адамдан – бир китеп" долбоорунун алкагында уюштурулган маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматкери Элеонора Шаршеналиева билдирди.

Анын билдиргенине караганда, бул асыл акциянын максаты - аялдардын психологиялык жана моралдык абалын жакшыртуу, китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, интеллектуалдык жана руханий потенциалын байытуу.

Жаштардын ичинен жарандык активисттер республика боюнча өз алдынча чогултуп, соттолгондорго бекер өткөрүп беришти. 200дөн ашык суроо-талапка ээ болгон китептерден турган кайрымдуулук акциясынын ичинде дүйнөлүк классиктердин кыргыз тилиндеги чыгармалары, ар кандай адабий-көркөм, тарбиялык жана мотивациялык басылмалар, бала тарбиялоо, инсандык өнүгүү-өсүү боюнча дем берүүчү китептер бар.

Мекеме жетекчисинин орун басары белгилегендей, №2 абактын китепкана фондусуунда учурда 3 миңге жакын китеп бар, бирок алардын көпчүлүгү эскирген, китептер жарактан чыгып калган, ошондуктан алар китепкананы толуктоо чечимин кабыл алган бул акциянын демилгечилерине абдан ыраазы.

Белгилей кетсек, өткөрүлүп берилген китептердин жалпы баасы 50 миң сомдон ашкан. Биздин ЖАКнын коомчулук менен байланышуу секторунун кызматкерлери да четте калбастан, өздөрүнүн окурмандарга кызыкттуу ден эсептеген чыгармаларынын партиясын аялдар кабагынын китеп сактоочу жайына өткөрүп беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД