
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 11-февралы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар убактылуу токтогондугун маалымдады.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жерлигинде кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзүп башташкан. Максат айылынын жанында иш жүрүп жаткан учурда Тажик Республикасынын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан. Мындан тышкары, Тажикстандын жарандары өздөрү чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдык иштерин башташты.
Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, анда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү маселеси макулдашылды.
Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрү тараптардын жергиликтүү бийликтери менен макулдашуу боюнча чек аранын бул тилкесиндеги баардык иштерди токтотууга макулдашышты. Чогулган жарандар таркап кетишти.
2022-жылдын 11-февралы саат 11.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.