БШК аймактык шайлоо комиссиялары менен онлайн кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеңешме болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 10-апрелине дайындалды. Шайлоо 16 жергиликтүү кеңеште – 3 шаардык жана 13 айылдык кеңеште өтөт.

Шаардык кеңештер:

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши,

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши,

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши,

Айылдык кеңештер:

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши,

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши,

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши,

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши,

Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши,

Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши,

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештери,

Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши,

Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши,

Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши,

Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши,

Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши.

Кеңешмеде аймактык шайлоо комиссияларына "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2022-жылдын 15-февралына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын иштеп чыгуу, АШК мүчөлөрүнүн ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жана төмөнкү жумушчу топторун түзүү милдети коюлду:

- Депутаттыкка талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топту;

- Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо жана арыздарды, даттанууларды кароо боюнча Жумушчу топту;

- БШК ыкчам чара көрүүнүн координациялык топту.

Аймактык шайлоо комиссияларына шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо мөөнөттөрү айтылды. Календарлык планга ылайык шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон шайлоо документтер саясий партиялардан добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 28-февралында саат 24.00гө чейин кабыл алынат, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2022-жылдын 11-мартына чейин жүргүзүлөт. Ал эми айылдык кеңештерге талапкерлерден добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 10-мартында саат 24.00гө чейин кабыл алынат, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда б.а. 2022-жылдын 21-мартына чейин жүргүзүлөт.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү – шаардык кеңештердики – 2022-жылдын 11-мартынан, айылдык кеңештердики 10 күн айырма менен – 2022-жылдын 21-мартынан башталат.

Кеңешмеде айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө гендерлик квотаны сактоого көңүл бурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД