Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кайтыш болду

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Анын эмнеден улам каза болгону тууралуу азырынча так маалымат жок.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган.

Ички иштер органдарындагы кызматын 1979-жылы баштаган. Майлуу-Суу шаардык аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүндө мамлекеттик банктын филиалын кайтаруу боюнча катардагы милиционерден баштап түрдүү кызматтарда иштеген. Ал Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдарда жетектеген.

2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кеткен. Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын Апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш иши ачылган. Кийин 2019-жылы сот аны актаганы белгилүү болгон. Жогорку сот 2020-жылы толук актаган.

Vb.kg агенттигинин эмгек жамааты Молдомуса Конгантиевдин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД