Өлкөдө канча окуу жай бар жана кайсы кесипке талап көп болууда?

Педагогдун кесиби студенттер арасында эң көп талап кылынган кесип катары калууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021/2022- окуу жылынын башынына карата республикада 141 кесиптик билим берүү мекемеси (ОКББ) иш алып барды, анда 98 миңге ашык адам билим алат, алардын жарымынан көбүн (55 пайызын) кыздар түздү.

2021/2022-окуу жылында орто кесиптик окуу жайларына тапшырууну каалагандардын арасында эң популярдуу адистиктер билим берүү, жалпы кабыл алынгандардын 26%, саламаттыкты сактоо – 17%, ошондой эле экономика жана башкаруу – 14% болуп саналат.

2017/2018-окуу жылына салыштырмалуу кабыл алынгандардын санынын эң көп өсүшү информатика жана компьютердик технологиялар (1,9 эсеге) жана билим берүү (30%) адистиктеринде байкалган, ал эми айыл чарба адистиктери 1,9 эсеге, экономика жана башкаруу дээрлик 13% кыскарган.

2021/2022-окуу жылынын башында республикада 60 жогорку кесиптик окуу жайлары (ЖОЖ) иштеди, аларда 235 миңге жакын адам окуйт, алардын жарымынан көбү (51 пайызы) кыздар.

Жогорку окуу жайларынын студентеринин эң көп суроо талабы педагогикалык илимдер адистиги боюнча, студенттердин жалпы санынын 26%, гуманитардык жана социалдык адистиги боюнча - 25%, экономикалык – 14% жана медициалык - 13% ашык.

2017/2022-жылга салыштырмалуу педагогикалык илимдер адистигине (2,9 эсе), экономикалык (1,9 эсе), медициналык (1,6 эсе), ошондой эле гуманитардык жана социалдык адистиктерине (1,5 эсе) кабыл алынгандардын саны өскөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД