Орусиялык аял Бишкектин СИЗОсунда 4 айлык баласы менен отурат

КР Акыйкатчы институтутуна арыз менен Россиянын жараны, учурда Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалып турган К.А.А. кайрылган. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал аразында аны менен 2021-жылдын 11-сентябрында төрөлгөн ымыркайы, башка соттолгон аялдар менен чогуу кармалып тургандыгын билдирген.

К.А.А. арызынан белгилүү болгондой, ал КР Жазык кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү менен (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ал 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бул соттук чечимди ал Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Акыйкатчы аппаратына бул арыз ээси баланын мыйзамдуу укуктарын коргоого көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени, СИЗОдо балага эч кандай шарт жок. Тиешелүү медициналык тейлөө жок, жылуу суу, толук кандуу тамак-аш жок. Аялдын көкүрөк сүтү тартылып кеткен, ал эми бала үчүн атайын тамак СИЗОдо жок, балага витаминдер жана таза аба жок.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери бул арызды электрондук почта аркылуу алары менен, тезинен №1 СИЗОго барышты. Ал жерде арыз ээси К.А.А. менен аңгемелешип, аны жана баласын кармоо шарттары менен таанышты. Сүйлөшүү учурунда ал кармоо шарттарына жана кармоочу жайдын кызматкерлерине карата арыз даттануу болгон жок. Арыз ээси К.А.А. ымыркайына кийим-кече жана атайын тамактар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле төрт айлык бөбөк үчүн жакшы шарттарды түзүү үчүн, Акыйкатчы аппараты Бишкек шаардык сотуна кайрылып, соттолгон К.А.Анын апелляциялык даттануусун кароо маселесин тездетүүнү суранат.

Мындан сырткары, Акыйкатчы институту КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына жана №1 СИЗО жетекчилигине кайрылып, соттолгон К.А.А жана анын наристеси үчүн кармоо жана тамак-аш шарттарын мүмкүн болушунча жакшыртууну жана зарыл болгон медициналык тейлөө жана көмөк көрсөтүүнү суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД