
Бүгүн, 14-февралда Молдомуса Конгантиев менен коштошуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.