Бир суткада 371 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 169, Ош шаары - 40, Чүй облусу - 91, Ош облусу - 20, Талас облусу - 5, Нарын облусу - 8, Ысык-Көл облусу - 24, Жалал-Абад облусу - 13, Баткен облусу - 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Ысык-Көл облусунда төрт бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 105 миң 840 киши вируска чалдыгып, 1 миң 830 бейтап көз жумду.